• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте дагы бир сейил багын ачуу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Дэн Сяопин проспектиси менен Садыгалиев көчөсүнүн кесилишинде шаардыктар үчүн дагы бир сейил багын уюштуруу пландалууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык кеңешинин жана шаардык муниципалитеттин демилгеси менен паркты уюштуруу жана көрктөндүрүү пландаштырылган аймакта көчмө жыйын өткөрүлдү.

Көчмө жыйынга "Бишкекбашкыархитектура", "Бишкекжашылчарба", "Бишкекасфальтсервис", "Тазалык" ишканаларынын, МАБдын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында кызматтарга бул маселени КР мыйзамдарынын чегинде иштеп чыгуу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий