• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Курман айтты белгилөөнүн так күнү айтылды

Коом 0

Бишкек, 21.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда быйыл Курман айт 31-июлда белгиленет. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 22-июль Зул-Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан 30-июль арапа күнү, 31-июль Курман айт майрамы белгиленет.

Мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири Курман айт Орозо бүткөндөн кийин 70 күндөн кийин болот. Ай календарына ылайык, жыл сайын 10 күн айырма менен белгиленет.

Майрамдын аталышы араб тилинен которгондо “курмандык чалуу майрамы” дегенди билдирет.

Пикир

Оставить комментарий