• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ташиев: Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу, бирок ошол эле учурда кооптуу

Коом 0

Бишкек, 02.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге кыргыз-тажик чек арасындагы абал тууралуу маалымат берди.

“Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу, бирок ошол эле учурда кооптуу болушу мүмкүн. Анткени чек ара маселеси чечилмейинче чырлар кайрадан болуп кетиши ыктымал. Себеби, ал жерде эл жашайт, талаш жерлер көп”, - дейт Ташиев.

УКМКнын төрагасы эвакуацияланган жарандар үйлөрүнө кайтып келгенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 27-январь саат 20:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу чыңалуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдаган.

Такталган маалыматтар боюнча, Төрт-Көчө жерлигиндеги Баткен-Исфана автожолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында саат 19:30да жол каттамы ачылган.

Бирок кайра эле саат 19:35тер чамасында кырдаал курчуп, тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарын көздөй ок чыгарышкан.

Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарынын атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө жерлигинде болуп, тажик тарап миномет жана гранатометторду колдонгон.

Чек арадагы чырдан 13 кыргызстандык жабыркап, КР ӨКМ чек ара тилкесинде жашаган 11 миңден ашуун адамды коопсуз жайга эвакуациялады.

Ал ортодо КРнын Ички иштер министрлиги Баткен районунун Көк-Таш айылындагы окуя боюнча кылмыш иши козголгондугун кабарлаган. Тараптардын өкүлдөрүнүн жолугушуусунан соң Кыргызстан менен Тажикстан чек ара боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандантуу боюнча бир чечимге келишти.

Пикир

Оставить комментарий