• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Ош шаарында абанын булганышын алдын алуу чаралары талкууланды

Коом 0

Бишкек, 15.02.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарындагы абанын булганышын жана түтүнгө каршы алдын алуу чараларын күчөтүү максатында жыйын өтктү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага мэрдин орун басары Сонунбек Жунусбаев, Ош шаарынын мэриясына караштуу мекеме-ишканалардын, жогорку окуу жайлардын, муниципалдык аймактык башкармалыктарынын жетекчилери катышышты.

Жыйындын алкагында Ош шаарында абанын булгануусуна себеп болгон сапатсыз көмүрдү, турмуш-тиричилик калдыктарын жакпоо, мектептерде абанын булганышы тууралуу тарбиялык сааттарды өткөрүү, мекеме-ишканалардын отканаларынан чыккан түтүндөргө көзөмөлдү жүргүзүү, абага терс таасирин тийгизген көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлгөн иш-аракеттер, түшүндүрүү иштери тууралуу маалыматтар берилип, жыйынтыгында шаар бийлиги тарабынан тийиштүү кызматтардын өкүлдөрүнө таза абаны сактоо үчүн аракеттерди, алдын алуу чараларын жүргүзүү талабы коюлду.

Пикир

Оставить комментарий