• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекке Индиядан Кыргызстандын жарандары келди

Коом 0

Бишкек, 19.06.20. /Кабар/. Бишкекке Индиядан Кыргызстандын жарандары келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


“Дүйнөдө COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрү токтотулгандыгына байланыштуу, чет өлкөлөрдөн КР жарандарын кайтаруу боюнча КР Президенти жана Өкмөтү тарабынан коюлган тапшырмаларды аткаруунун алкагында, КР ТИМ менен Индия ТИМдин өз ара аракеттешүүсүндө Индиядан КРнын 10 жараны кайтып келди”, - деп айтылат маалыматта.

Бардык учуп келгендер тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн бекитилген тартипте обсервацияга жайгаштырылат.

Индия тараптын өтүнүчүнө ылайык, «Ванде Бхарат Миши» Индия Өкмөтүнүн атайын программасынын алкагында чет өлкөдө жүргөн Индиянын жарандарын кайтаруу боюнча 2020-жылдын 16-июнунан 28-июнуна чейин индия тарап «Air India» жана «Сapa Jet» авиакомпаниясынын кезектеги чартердик каттамдары аркылуу Индиянын жарандарын мекенине кайтарууну пландап жатат.

Пикир

Оставить комментарий