• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Депутат: “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбоору министрликтер жана ведомстволор менен макулдашылат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.06.20. /Кабар/. “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбоору бардык министрликтер жана ведомстволор менен макулдашылат. Бул тууралуу аталган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаева парламенттеги коомдук талкуу учурунда билдирди.

“Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбоору 2020-жылдын 14-майынан тарта коомдук талкууга чыгарылган.

Асылбаеванын айтымында, мыйзам долбоорун кабыл алардан мурун, ал министрликтер жана ведомстволор менен макулдашылат.

“Мындан улам мыйзамды кабыл алуу баскычында кандайдыр бир сунуштарды, толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү эске алууга шарт түзүлөт. Ар бир министрлик жана ведомство өз сунуштарын жазат. Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлиги функционалдык милдеттерине ылайык ыйгарым укуктуу орган болушу мүмкүн. Бирок мыйзамда кылмыш жоопкерчилиги каралбаганын дагы бир жолу белгилеп кетким келет”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий