• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Брюсселде БА менен ЕБ ортосундагы кызматташтыктын 30 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 20.01.23./Кабар/. Брюсселде Борбор Азия менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыктын жана өнөктөштүктүн 30 жылдыгына арналган ири маданий иш-чара өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын туруктуу өкүлчүлүгү тарабынан Борбор Азия өлкөлөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлүнүн кеңсеси менен биргеликте уюштурулган.

Иш-чарага Европанын тышкы иштер боюнча мекемесинин башкы катчысы С.Саннино жана Европа тышкы аракет кызматынын, Европа комиссиясынын, Европарламенттин, Европа биримдигине мүчө мамлекеттеринин элчилери жана башка европалык өнөктөштөр катышты.

Иш-чаранын ачылышында Кыргызстандын элчиси Айдит Эркин куттуктоо сөз сүйлөп, Европа биримдиги менен аймактык форматта өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүнө жана ошондой эле региондор аралык мамилелерди мындан ары бекемдөөгө багытталган акыркы жылдарда аткарылган иш-чараларга токтолду.

Маданий иш-чаранын коноктору үчүн Кыргыз элинин маданий баалуулуктарынын көргөзмөсү уюштурулуп, Кыргызстандын туризми жана өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү боюнча атайын видеороликтер көрсөтүлүп, улуттук тамак-аштары тартууланды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Падышалык консерваториянын магистранты К.Жумагулов композитор Н.Давлесовдун “Мекеним” ырын аткарып берди.

Пикир

Оставить комментарий