• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Элита” асыл тукум мамлекеттик станциясынын айланасына 1 миң 140дан ашык сапаттуу көчөт отургузулду

Коом 0

Бишкек, 10.04.21. /Кабар/. 2021-жылдын 10-апрелинде КРнын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу боюнча республикалык “Элита” асыл тукум мамлекеттик станциясынын тегерек четин тазалап, таштандыларын терип ишембилик өткөрүшүп, 1 миң 140дан ашык сапаттуу алма, өрүк, терек көчөттөрдүн алдыңкы сорттору олтургузушту. Бул тууралуу Айыл, суучарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ишембиликке министр А.Жаныбеков, министрдин орун басарлары, ошондой эле борбордук аппараттын кызматкерлери жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары, кызматкерлери катышты.

"Көчөттөрдү отургузуу менен мөңгүлөрдү эришинен сактап, экологияны коргой алабыз. Көчөттөрдү отургузууда өзгөчө көңүл буруп, аяр мамиле кылгыла. Күз мезгилинде көчөттөрдүн канчасы өнгөндүгү жана өнбөгөндүгүнөн кабар алабыз, - деди министр көчөт отургузуу иш-чарасында сөз сүйлөп.

Эскерте кетсек, буга чейин министрлик “Бир жарандан бир көчөт” аттуу чакырык менен республиканын жарандарын жер-жерлерде аймактарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине жигердүү катышууга үндөгөн.

Пикир

Оставить комментарий