• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал президенттин көзөмөлүндө — Коопсуздук кеңеши

Коом 0


Бишкек, 16.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 16-сентябрда президент Садыр Жапаров Баткен облусундагы мамлекеттик чек арадагы кырдаал боюнча Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.

Анын айтымында, президент бардык мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырма берди.

“Жарандардын коопсуздугун камсыздоо, аймакты бекемдөө боюнча тапшырмалар берилди. Кырдаал президенттин көзөмөлүндө. Мамлекеттик органдар бул багытта иш алып барууда. Тажик аскерлеринин ок чыгаруусунан кыргыз тараптан курман болгондор жана жабыркагандар бар. Алардын саны учурда такталууда, кошумча маалымат берилет”, - дейт ал.

Иманкулов тажикстандык кесиптешине ок атышууну токтотуу боюнча кайрылуу жасагынан маалымдайт.

“Алар буйрук берип жатабыз дешүүдө. Бирок чек арачылары жетекчилерин уккан дагы жок. Тескерисинче, күчөтүү менен ок атышууда. Саат 16:00дөгү сүйлөшүүлөргө карабай тажик тарап ок атууну кайра баштады”, - деди Иманкулов.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде ок атылган. Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин Как-Сай жерлигиндеги “Достук” жана Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына ок чыгарышкан.

Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилген.

Кечээ, 15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөн.

Бүгүн, 16-сентябрда саат 06:00дө тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз жергелериндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган.

Саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын "Көк-Таш" чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болуп, тажик тарап оор бронетехниканы, залптык реактивдүү системаларды (РСЗО) жана авиацияны, ошондой эле алар чек арага жакын жашаган тургундарын “тирүү” калкан катары колдонгон.

Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык жана Төрт-Көчө участкасынын, Лейлек районундагы Кулунду, Достук, Максат, Сада 1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин жана Жаңы-Жер аймактарынын 136 миңден ашык тургундары коопсуз жерге эвакуацияланды.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан 59 кыргызстандык жабыркап, Достук айылынын 15 жаштагы Э.М. аттуу тургуну набыт болду.

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин аянтчасында жолугушуп, чек арадагы кырдаалды талкуулашты. Мындан сырткары, Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов чек арадагы ок атышууну токтотууну макулдашты.

Макулдашуудан кийин кыргыз тарап ок атууну токтотту, бирок тажик тарап маал-маалы менен ок чыгарган. Саат 18:30га карата жетишилген макулдашууларды бузуп, тажик тарап Лейлек районунун Кулунду жана Жаңы-Жер айылдарындагы кыргыз чек арачыларынын позицияларына кайрадан ок чыгарды.

Пикир

Оставить комментарий