• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүй облусунда айып пул төлөбөгөн 30 айдоочунун унаасы алынды

Коом 0

Бишкек, 01.08.22. /Кабар/. Чүй облусунда "Коопсуз шаар" долбоорун алкагында айып пулдарды төлөбөгөн 30 айдоочунун унаасы тартып алынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Ошентип, 25-31-июль аралыгында Чүй облусунун аймагында ЖКККБ инспекторлору 4 миң 44 жол эрежесин бузууну аныкташты.

Анын ичинен:

- мас абалында унаа башкаруу - 35;

- унааны белгиленген ылдамдыктан ашыра айдоо - 1 миң 792;

- 129 унаа айып аянтчасына токтотулду;

- "Коопсуз шаар" долбоору боюнча айып пул төлөбөгөн 30 унаа айып аянтчасына токтотулду.

ЖКККБ айдоочуларды жол эрежесин бузбоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий