• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткендин чек арага жакын аймактарынан 136 миңден ашуун адам эвакуацияланды

Аймак 0

Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 16-сентябрь саат 21:00гө карата Баткен облусунун чек арага жакын аймактарынан 136 миңден ашуун адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, калкты эвакуациялоо үчүн ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгы, жергиликтүү Жарандык коргонуу комиссиясы менен биргеликте убактылуу жайгаштыруу пункттары ачылып, калкты кооптуу аймактардан эвакуациялоо боюнча иш-чаралар уюштурулуп жатат.

Мындан сырткары, жергиликтүү тургундар өздөрүнүн унаалары менен коопсуз аймактарга чыгып жатышат.

"Азыркы учурда алдын ала маалымат боюнча жалпы 136 миңден ашуун адам коопсуз аймакка эвакуацияланды. Алар: Баткен районунун, Баткен шаарынын, Лейлек районунун, Раззаков шаарынын тургундары. Ошондой эле Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айылынан 2800гө жакын жаран Дароот-Коргон жана Кашка-Суу айылдарына эвакуацияланган. Эвакуация боюнча маалымат кошумча такталууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, Баткен облусунда эвакуацияланган жарандарга тамак-аш, гигиеналык каражаттар топтому жана жууркан-төшөктөр Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан жеткирилүүдө.

Учурда Бишкек шаарында 5 жерде жана Ош шаарынын мэриясында пунктары ачылып, гуманитардык жардамдарды кабыл алуу иштери жүрүүдө.

Ошондой эле ӨКМге караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан Баткен облусуна күйүүчү май, ун, шекер, суу май бөлүнүп берилди. Ал эми БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасы тарабынан 400 тонна азык-түлүк гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин маалымдашты. Жеринде ӨКМдин кызматкерлери, Кызыл-Ай коому, Чек арасыз дарыгерлер коомдору жарандарга медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий