• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сокулукта милиция кызматкерлери алдын алуу иштерин улантууда

Аймак 0

Бишкек, 29.01.21. /Кабар/. Сокулук районунда милиция кызматкерлери алдын алуу иштерин улантууда. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 27-январында Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн жетекчилигинин демилгеси менен Кызыл-Туу жана Малаводное айылдарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жашоочулар менен жолугушуу уюштурулду.

Иш-чарага 50дөн ашуун тургун катышып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана Сокулук РИИБдин жетекчилигине көйгөйлөрүн жеткиришти. Жолугушуунун катышуучулары уурулук, мал уурулук, андан сырткары күнүмдүк тиричиликтерге байланыштуу бир катар көйгөйлөрүн айтышып, алар Сокулук РИИБдин жетекчилигинин жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн көзөмөлүнө алынды.

Ошол эле учурда кылмыштуулукту алдын алуу жана аларды болтурбоо үчүн милиция кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, шектүү адамдарды же чоочун унаалардын шек жараткан жагдайлары болсо аймактык тескөөчүгө, РИИБге же 102 номерине билдирүүнү эскертишти.

Эске сала кетсек, Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан өткөн 2020-жыл ичиинде 150дөн ашуун алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Алар көбүнчө калк арасында жугуштуу илдетти алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулуктарга жол бербөө, уурулуктарды жана мал уурулуктарын алдын алууга багытталган.

Андан сырткары Сокулук РИИБи тарабынан 80ден ашуун рейд иш-чаралары уюштурулуп, анын аркасында бир нече кылмыш иштеринин беттери ачылган.

Пикир

Оставить комментарий