• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл азык-түлүк коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулат — Төрөбаев

Өкмөт 0

Бишкек, 15.02.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жазгы талаа жумуштарынын башталышы тууралуу маалымат жыйынын өткөрүп жатып, айыл чарба багытындагы үрөөнчүлүк, көчөт, тоют жана асыл тукум мал чарбачылыгы тармактарында аткарыла турган иштерге токтолду.

Калктын ден соолугу маанилүү экенин айткан Бакыт Төрөбаев, мал базарлар, мал союучу жайлар ветеринардык жана фитосанитардык талаптарга жооп бербеген болсо алар дароо жабылаарын билдирди. Эң башкысы тамак-аштын сапатына өзгөчө көңүл бурулат.

Ал ошондой эле чакан үлүш жерлерди ири кооперативдерге бириктирүү иштери жүргүзүлөрүн билдирди, мындай ыкма менен майда товардык көлөмдү жоюуга болот. Аны менен катар ири кооперативдер жеңилдетилген шартта айыл чарба техникаларын лизингге алуусуна шарт түзүлөт.

Мындан тышкары Бакыт Төрөбаев дыйкандарга кеңеш бере турган агроном адисин республиканын ар бир айыл аймагына жеткирүү зарылдыгын баса белгиледи.

Ал эми күйүүчү майлоочу материалдар боюнча 2024-жылдын жазгы талаа иштерине 42,5 миң тонна дизель керектелет. Дыйкан-фермерлерди мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу дыйкан-фермерлерге 63,5 сомдон дизель берилип жатканы маалым болду.

Пикир

Оставить комментарий