• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Исаков: Өлкөнүн Улуттук архивдик фондун санариптештирүү боюнча иштерди активдештирүү зарыл

Өкмөт 0

Бишкек, 25.12.17 /Кабар/. «Өлкөнүн Улуттук архивдик фондун санариптештирүү боюнча иштерди активдештирүү зарыл», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 25-декабрда, Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик архивинин жаңы имаратынын ачылышында. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Өкмөт башчы тийиштүү мекеменин архивдик материалдарды сактоо, комплекттөө, каттоого алуу жана колдонуу боюнча иштеринин маанилүүлүгүн белгиледи.

Сапар Исаков белгилегендей, Сокулук районунун мамлекеттик архивинин жаңы имараты бардык талаптарга жооп берген өлкөдөгү архивдик имараттардын алгачкы типтүү долбоору болуп саналат.

Премьер-министр 2015-2019-жылдардагы Кыргыз Республикасынын архивдик ишин өнүктүрүү боюнча кечиктирилгис иш-чаралар программасынын алкагында мамлекеттик архивдерди капиталдык реконструкциялоо жана жаңы имараттардын курулушу боюнча иштер уланаарын белгиледи.

Андан тышкары Өкмөт башчы «Жаңы доорго – кырк кадам» программасынын приоритеттүү багыттарыны бири – тарыхый, экономикалык, саясий, социалдык жана маданияттык баалуулукту камтыган документтерди сактоо, ошондой эле архивдик документтерди сактоо аянттарын көбөйтүп жана Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фондун толтуруу болуп саналат деп белгиледи.

Сокулук райондук мамлекеттик архивдин жаңы имаратынын курулушу 2016-жылы башталган. Буга республикалык бюджеттен 24 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Жаңы имарат 3 кабаттан турат. Анда жарандарды кабыл алуучу, архив сактоочу бөлмөлөр, жумушчу кабинеттер, окуу жана окутуу семинарларын өткөрүү үчүн жыйындар залы бар.

Андан кийин Премьер-министр Сапар Исаков өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды коргоочу биологиялык каражаттарды өндүрүү жана ишке киргизүү менен алектенген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Кыргызагробиоборборунун иши менен таанышып, ошондой эле Сокулуктагы биофабриканы көрүп чыкты.

Кыргызагробиоборбордун директору Жаңыбай Туманов айыл чарба өсүмдүктөрүн зыяндуу оорулардан коргоо боюнча экологиялык таза биологиялык каражаттар тууралуу маалымат берди. Өкмөт башчыга айыл чарба өсүмдүктөрүнүн ооруларына жана зыянкечтерине каршы биологиялык дармектердин үлгүлөрүн тартуулашты.

Премьер-министр белгилегендей, өкмөттүн «Жаңы доорго – кырк кадам» программасынын «Аймактык кооперативдик агроөнөржай комплекстерин түзүү» боюнча 21-кадамынын алкагында айыл чарбасындагы органикалык өндүрүштү өнүктүрүү каралган.

Сапар Исаков биодармектердин өндүрүшүнүн көлөмүн, сапатын жана пайдаланууну жогорулатуу макстатында Сокулук районунун Ново-Павловка айылындагы биофабриканы капиталдык реконструкциялоо боюнча сунушту ыкчам тарипте киргизүү тапшырмасын берди.

Пикир

Оставить комментарий