• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жарандардын ден соолугун тамекиден коргоого багытталган сектор аралык семинар өттү - видео

Коом 0


Бишкек, 21.10.21. /Уланбек Турдуканов – Кабар/. Бишкекте бүгүн, 21-октябрда, Республикалык илимий медициналык китепканада секторлор аралык семинар өттү.

Семинардын алкагында Садыр Жапаров тарабынан кол коюлган “Кыргызстандын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө” мыйзамынын күчүнө кирген негизги жоболору тууралуу талкууланды.

Иш-чарага бир катар министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү катышты.

Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун тамекиге каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Чынара Бекбасарова мыйзамдагы жоболор тууралуу маалымат берип, негизги маанилүү пунктарына токтолуп өттү.

“Мыйзамда мамлекеттик кепилдик жөнүндө пункт бар. Анда жарандарды тамеки өндүрүшүнүн коммерциялык жана корпоративдик таасиринен коргоо жөнүндө жазылган. Бул абдан маанилүү”, - деди ал.

Ал эми Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин юридикалык маселелелер боюнча кызматкери Кубаныбек Разаков жарандардын ден соолугу жана эмгеги корголушун белгилеп өттү.

“Ар бир жаран жашоо жана ден соолугу үчүн экологиялык жактан таза чөйрөдө жашоого укугу бар. Ошондуктан биз бул норманы мыйзамга киргизип, жумуш берүүчүлөр кызматкерлерине шарт түзүп бериш керек экендигин айткыбыз келет”, - деди Разаков.

Жыйынтыгында министрлик, ведомстволордун өкүлдөрү мыйзамдын ишке ашуу механизмдери боюнча биргелешип иш алып барууну чечишти.

Пикир

Оставить комментарий