• 88.68
  • 95
  • 0.95

Учурда республика боюнча 159 мектеп үч смендеп иштеп жатат - Билим берүү министрлиги

Коом 0

Бишкек, 14.09.18. /Кабар/. Азыркы учурда бүткүл өлкө боюнча 159 мектеп үч смендеп иштеп жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.

Анын айтымында, мектептерди куруу менен алардын толуп калуу көйгөйү чечилип калбайт, бирок учурда аталган маселе чечилип жатат.

“Биринчи кезекте сапаттуу билимге көңүл буруу керек. Бирок мектептердеги смендин көп болуп жаткандыгы мектептерге кошумча имараттарды салуу жолу аркылуу чечилүүдө. Мындай долбоорду азырынча Бишкектин жана Чүй облусунун 22 мектебинде ишке ашырабыз. Анткени дал ушул райондор ички миграциянын айынан эң жыш болуп саналат. Ошентип, президент Сооронбай Жээнбеков долбоорду колдой тургандыгын билдирди жана каржы булактары аныкталды”, - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий