• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19: Бишкекке Түштүк Кореядан гуманитардык жүк келди

COVID - 19 0

Бишкек, 25.07.20. /Кабар/. COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы күрөштүн алкагында Бишкекке Түштүк Кореядан гуманитардык жүк келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, имараттын ичиндеги вирустарды тазалоочу үч жабдуу келди, анын баасы 8 миң 400 долларды түзөт.

Анын ичинде:

- Жугуштуу оорулар бейтапканасында колдонууга ылайыкташтырылган 2 даана оң жана терс басымдагы абаны тазалоочу жабдуу,

- бир даана бөлмөнүн ичиндеги абаны автоматтык түрдө тазалап, жөнгө салуучу аппарат. Бул Кореянын саналуу гана медициналык мекемелеринде колдонулган, сейрек кездешкен өзгөчө жабдуу болуп саналат.

- 22 миң 500 даана беткап.

- бөлмөлөрдү дезинфекциялоочу 20 даана аппарат келди.

Түштүк Кореядан келген гуманитардык жардамды КР Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Калыс Шадыханов, Дары-дармек жана медициналык жабдуулар департаментинин өкүлдөрү кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий