• 88.68
  • 95
  • 0.95

Саламаттык сактоо министрлигинде иштеген күзөтчүдө коронавирус илдети табылды

COVID - 19 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинде иштеген күзөтчүдө коронавирус илдети табылды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, күзөтчү буга чейин коронавирус жуктурган республикалык ыкчам штабынын кызматкери менен байланышта болгон. Мындан улам байланышта болгон министрликтин бардык кызматкерлеринен анализдер алынган.

"Күзөтчүнүн жаш курагы медициналык сыр болгондуктан айтылбайт. Ал учурда обсервацияда дарыланууда. Күзөтчү буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин башкы имаратында иштеген. Калган кызматкерлердин анализдеринде илдеттин белгилери катталган жок", - дейт министрдин орун басары.

Белгилей кетсек, кечээ ыкчам штабга тартылган ведомство алдындагы саламаттык сактоо уюмунун кызматкери коронавирус жуктуруп алгандыгы белгилүү болгон.

14-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 430га жетти. Алардын ичинен 83ү медицина кызматкер. Коронавирустан 71 жаран айыкса, каза болгондордун саны 5 адамды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий