• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирустан дагы 14 адам айыкты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирустан жалпы 99 адам айыкты. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, бүгүн 10 бейтап борбордогу Эпидемиология, микробиология жана жугуштуу оорулар илимий-изилдөө институтунан чыгарылган жана Бухара облусунда 4 бейтап коронавирустан айыгып, реабилитациялык бөлүмгө которулган.

Акыркы маалыматтарга караганда, Өзбекстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1 миң 54гө жетти. Илдетти жуктуруп алып каза болгондордун саны 4.

Пикир

Оставить комментарий