• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда милиция кызматкерлери күжүрмөн даярдыктан өтүштү

Аймак 0

Бишкек, 25.11.22. /Кабар/. Жалал-Абадда облустук жана шаардык ички иштер башкармалыктарынын, ошондой эле Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу максатында пландуу талаа машыгуусунан өткөрүлдү.

Облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиргендей, кызматкерлер автомат жана тапанчадан ок атышып, өздөрүнүн кесиптик чеберчилигин ар дайым жогорулатып турушат. Курал колдонуу эрежелери, алардын техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча маалыматтар берилди.

Ошондой эле душман кол салган учурда коргонуу, чабуулга өтүү эрежелери, талаа тактикалары кайрадан үйрөтүлдү. Кызматкер жарадар болгон учурда биринчи медициналык жардамды көрсөтүү, аны ызы-чуу болгон аймактан алып чыгып кетүү жолдору айтылды.

Пикир

Оставить комментарий