• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаары Өзбекстан менен туризм тармагында кызматташууну өнүктүрөт

Аймак 0

Бишкек, 26.06.23. /Кабар/. Ош шаарына Өзбекстандын Анжиян, Наманган, Фергана облустарынын туризм башкармалыгынын жетекчилери, туристтик операторлор жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү келишти.

Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, коңшу өлкөнүн делегациясы маалыматтык тур иш-чарасына катышуу үчүн келген. Конокторду президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Азат Кубатбек уулу жана "Мундуз Турист" туристтик компаниясынын жетекчиси Умардин Есиддинов тосуп алышып, туризм жаатында аткарылып жаткан жумуштар, өнүктүрүү багыттары боюнча сүйлөшүштү.

Ошондой эле келечекте туризм эки өлкөнүн кызматташуусун өнүктүрүүдө өзгөчө орунду ээлей турганын белгиленип, туризм жаатында келген коноктор менен эки тараптуу кызматташуу боюнча пикир алышуу болуп, мындан ары өз ара кызматташуу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун алкагында “Дестинация Ош” туристтик бирикмесинин өкүлү тарабынан Ош жергесинин туристтик потенциалы жөнүндө презентация жасалды.

Коноктор туризм жаатында маалымат алмашуу жана Ош жергесинин туристтик потенциалдары менен таанышуу максатында 2 күндүк иш сапар менен келишкен.

“Мундуз Турист” туристтик компаниясы тарабынан түзүлгөн программага ылайык, коноктор Ош шаарынын жана Ош облусунун Алай өрөөнүнүн туристтик мекемелери, жаратылышы кооз жайлары менен таанышышат.

Пикир

Оставить комментарий