• 88.68
  • 95
  • 0.95

Төрт күндөн кийин Ысык-Көлдөгү Асман шаарынын курулушу башталат

Аймак 0

Бишкек, 26.06.23. /Кабар/. Ысык-Көлдөгү Асман эко-шаарынын курулушуна 30-июнда капсула салынат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков эске салды.

Ал социалдык тармакка жазган билдирүүсүндө бул долбоор жарыяланганда эч ким ишенген эместигин баса белгиледи.

"Ал тургай шакаба, күлкү кылып дагы айтып, жазып жатышты. Ири долбоордун курулушуна президентибиз капсула салат, андан ары жумуш башталат. Салыштырып айтып кетким келет. Бүткүл дүйнө эли кызыккан, туристтер агылып барган Дубай шаары чөлгө, эч кандай шарты жок жерге, инвесторлордун жардамы менен курулган", - деди ал.

Орунбеков Асман шаары – төрт мезгили бар, ажайып кооз, ак мөңгүлү тоолордун курчоосундагы Ысык-Көлдүн жээгине түшөрүн жазды. "Президент Садыр Жапаров баштаган ишин сөзсүз аягына чыгарат. Убакыт учкан куш. Бүт дүйнөнүн эли агылып келе турган Борбор Азияда шаар пайда болот, ал – Асман!", - деп кошумчалады ал.


Белгилей кетсек, Асман шаарын тыштан келген инверсторлор салат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы маданият жана эс алуу паркын ачып жатып билдирген.

Анда мамлекет башчысы шаарда 500 миңден 700 миңге чейин адам жашарын, аянты 4 миң гектарды түзөрүн айткан.

Пикир

Оставить комментарий