• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Адылбек Касымалиев жана KOICA директору биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты

Өкмөт 0

Бишкек, 31.01.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Ли Жонгсу менен жолугушту.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө, анын ичинде биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында маселелерин талкуулашты.

«Корея Эл аралык кызматташтык агенттиги мамлекеттик процесстерди санариптештирүүгө, айыл чарбасын өнүктүрүүгө, өрт-куткаруу кызматтарын өнүктүрүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга чоң салым кошту», - деп баса белгиледи Адылбек Касымалиев.

Өз кезегинде Ли Чонсу биргелешкен долбоорлордун учурдагы абалы тууралуу айтып, эки тарапты кызыктырган бардык багыттар боюнча кызматташууну арттырууга даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий