• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Соцконтракт" долбоорунун катышуучулары айына 40 миң сомго чейин киреше ала баштады — Эмгек министрлиги

Коом 0

Бишкек, 31.01.24./Кабар/. "Социалдык контракт" долбоорунун катышуучуларынын дээрлик 30%га жакыны айына 40 миң сомго чейин киреше ала башташты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "социалдык контракт" программасы КР президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылдан тартып ишке ашырылууда жана ал муктаж үй-бүлөлөргө мамлекеттин колдоосу менен жеке бизнесин ачууга мүмкүндүк берет.

"2022-жылдын жай айынан баштап программага дээрлик 13 миңге жакын үй-бүлө катышып, алар республикалык бюджеттен 100 миң сомдон алышкан. Жалпы берилген сумма 1,3 млрд сомду түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, "Социалдык контракт" программасынын катышуучуларынын аракети менен кошумча жумуш орундары түзүлүп, 70 миңден ашуун адамдын жашоосу жакшырууда.

Пикир

Оставить комментарий