• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда жыл башынан бери "Түндүк" порталы аркылуу 8 млн жакын кызмат көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 19.12.23. /Кабар/. "Түндүк" электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында 159 кызмат жеткиликтүү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери портал жана мобилдик тиркеме аркылуу онлайн режиминде 8 миллионго жакын кызмат көрсөтүлдү.

"Учурда "Түндүк" тиркемесин жүктөп алгандардын саны 1,2 млн адамды түзөт. Ал аркылуу жарандарга Кыргызстандын аймагында юридикалык күчкө ээ болгон 6 санариптик документтин түрү жеткиликтүү, алар: ID-карт паспорт, айдоочулук күбөлүк, транспорт каражатын каттоо, туулгандыгы тууралуу, никелешүү жана никени бузуу жөнүндө күбөлүктөр", - деди ал.

Ошондой эле министр белгилегендей, портал аркылуу туулгандыгы, өлүмдү, танспорт каражаттарын кайра каттоо жана балага сүйүнчү жөлөкпул алуу боюнча онлайн кызматтар жеткиликтүү.

Мындан тышкары, ал "Түндүк" маалымат алмашуунун санариптик платформасы аркылуу 300 маалыматтык системада мамлекеттик органдар менен коммерциялык уюмдардын ортосунда 1 миллиарддан ашуун транзакциялар жүргүзүлгөнүн кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий