• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги №67 мектептин окуучулары эвакуацияланды. Бомба боюнча кайрадан маалымат түштү

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.12.23. /Кабар/. Бишкектеги №67 мектептин окуучулары бомба тууралуу маалыматтан улам эвакуацияланды. Бул тууралуу "Кабарга" Свердлов райондук милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мектеп имаратына жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу билдирүү "102" кызматына бүгүн эртең менен түшкөн.

Учурда жеринде ыкчам топ жана кинологдор иштеп жатат. Окуучулар жана кызматкерлер эвакуацияланды.

Белгилей кетсек, кун мурун бомба тууралуу маалыматтан улам № 62, 31, 44, 20, 69, 55, 89, 40, 33, 72, Kings International School, "Келечек MIT" , ERUDITE ISIT, "Точка роста", "Илим" мектептеринин окуучулары эвакуацияланган. Андан тышкары, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык, Кыргыз-Орус Славян жана "Ала-Тоо" университеттеринин студенттери жана кызматкерлери эвакуацияланган.

Пикир

Оставить комментарий