• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык кармаган браконьер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.12.21. /Кабар/. Каракол шаардык милициясынын «Жыргалаң» бөлүмчөсүнүн милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрү тарабынан Ысык-Көл көлүнөн атайын тор менен мыйзамсыз балык уулаган браконьер кармалды, бул туурасында Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, браконьер мыйзамсыз кармаган балыктарын үйүнө алып бара жаткан жеринен, милиция кызматкерлери тарабынан Пристань-Каракол айылчасынан кармалган. Мыйзамсыз балык уулоо үчүн, ал балык торлорун колдонгон. Кармалган жарандан 69 даана «Сига-Лудога» түрүндөгү балык жана сууда сүзүчү катери алынды.

Мыйзамсыз былык уулоо үчүн кармалган 41 жаштагы жергиликтүү тургун В.А.нын айтымында, ал көлдүн жээгинде жашагандыктан, оор жумуштан кийин балык уулоо менен эс алууну чечкен.

Аталган факт Каракол ШИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин ("Балыкты, же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо") негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо максатында, чогулган материалдар тийиштүү мамлекеттик органдарына жиберилди.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий