• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сузакта унаада бараткан жаранга ок атылган. Шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.09.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда унаада жүргүнчү катары бараткан 29 жаштагы Н.С., аттуу жаранга ок атылган. Окуя үстүбүздөгү жылдын 29нан 30-августуна караган түнү болгон. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Н.С., аттуу жаран Daewoo Nexia - 2 үлгүсүндөгү унаада бараткан. Белгисиз жарандар Hyundai Getz унаасы менен келип, бир нече жолу ок атуучу куралдан ок чыгарышкан.

Натыйжада Н.С. денесинен оор жараат алып, Жалал-Абад облустук бириккен клиникалык ооруканасына жаткырылган.

Аталган факты Сузак РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттин натыйжасында кылмышка шектүү делип Сузак районунун тургуну 1995-жылы туулган Б.М., кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий