• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жол инспекторлору тыгындардын алдын алууда

Коом 0

Бишкек, 04.09.23. /Кабар/. Бишкекте инспекторлор жол тыгындарын болтурбоо максатында борбордук көчөлөрдүн кесилиштеринде жол тыгындарын жөнгө салышууда. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айрыкча эртең мененки убакытта көпчүлүк тургундар шаардын сыртынан борборуна жумушка келгендиктен, түштүктөн түндүккө карай авто унаалардын агымы көп болот.

"Кызматкерлер Байтик-Баатыр жана Ч.Айтматов өңдүү борбордук көчөлөрдөгү авто унааларды түндүктү карай өткөрүшөт. Ал эми кечкисин кайра эле ушул көчөлөрдө жол тыгындары пайда болуп калбашы үчүн авто унааларды түндүктөн түштүккө карай өткөрүшүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле шаардын борбордук көчөлөрүндө жайгашкан “ЦУМ”, “ГУМ” соода борборлорунун айланасын ЖКККББнын кызматкерлери күн сайын көзөмөлдөп, туура эмес токтоп турган авто унааларды алдырып, тазалашып турушат.

Пикир

Оставить комментарий