• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖК төрагасы Шакиев Түркиянын башкы акыйкатчысы Малкочту кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 04.09.23. /Кабар/. Бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түркиянын башкы акыйкатчысы Шереф Малкочту кабыл алды.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы алакалардын учурдагы абалына токтолуп: “Биз тарыхый байланышы терең, тили, дини, үрп-адат, каада-салты окшош тектеш элбиз. Андыктан, биз бир туугандык жана боордоштук мамилелерди өнүктүрүп, бардык багыттар боюнча кызматташтыкты кеңейтишибиз зарыл”, - деди.

Муну менен катар Нурланбек Шакиев адам укугун коргоо жана мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө жаатында эки өлкөнүн акыйкатчылары тыгыз иш алып барышы керектигин белгилеп: “Түркиянын башкы акыйкатчысы катары Кыргызстанга жасаган иш сапарыңыз, байланыштардын жаңы барагын ачат деген ишеничтемин”, - деп кошумчалады.

Өз кезегинде, Түркиянын башкы акыйкатчысы Шереф Малкоч жылуу кабыл алгандыгы үчүн Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдирип, Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуштун жолдогон саламын жеткирди.

Эскерте кетсек, жолугушууга Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева жана Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган катышты.

Белгилей кетсек, Түркиянын башкы омбудсмени Шереф Малкоч устүбүздөгү жылдын 2-сентябрында Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген.

Пикир

Оставить комментарий