• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Орто-Токой суу сактагычын башкаруу укугун кыргыз тарапка өткөрүү боюнча ратификациялык мыйзам долбоору 2-окууда каралды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.12.17 /Кабар/. Бүгүн, 19-декабрда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында «Ташкент шаарында 2017-жылдын 6-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын мамлекеттер аралык пайдалануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору 2-окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ратификациялык мыйзам долбоору боюнча КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев баяндама жасады.

Макулдашууга ылайык, Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой суу сактагычын Өзбекстан менен бирге пайдалануу чаралары каралууда. Тактап айтканда, суу сактагычты кайтаруу, иштетүү, башкаруу укугу толугу менен Кыргызстанга өтөт. Ал эми Өзбекстан суу сактагычты иштетүүгө кеткен чыгымды көтөрүү милдетин алат. Келишим мөөнөтсүз мезгилге түзүлүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин суу сактагыч Өзбекстандын пайдалануусундагы Кыргызстандын чарбалык объектиси катары калгандыктан, ага ээлик кылуунун шарттары узак мезгилден бери чечилбей келген. Буга чейин аны өзбек сакчылары кайтарып турган.

Орто-Токой суу сактагычы чегарадан 13 чакырым ичкери жайгашкан. Анын жалпы аянты 850 гектарды түзөт. Сыйымдуулугу – 165 млн куб/метр. Топтолгон суунун 92 пайызын Өзбекстан, ал эми 8 пайызын Кыргызстан пайдаланат.

Талкуу жүрүшүндө комитет мүчөлөрү өлкө аймагындагы башка суу сактагычтар жаатындагы айрым маселелерди такташты.

Мыйзам долбоору 2-3-окууда жактыруу менен Жогорку Кеңештин кароосуна жолдонду.

Пикир

Оставить комментарий