• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ч.Турсунбеков: «Аткезчиликти жоюп, атамекендик өндүрүштү колдоо керек»

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10-май /Кабар/. Аткезчиликти жоюп, атамекендик өндүрүштү колдоо керек. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков зергерчилик өндүрүшүн мамлекеттик контролдоо жана жөнгө салууну максат кылган “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоорун талкуулоо учурунда билдирди.

Аткезчиликтен атамекендик өндүрүш жабыркап жатканына токтолгон Төрага Чыныбай Турсунбеков: "Өкмөт өкүлдөрү билдиргендей, биринчи кварталда эле алтын буюмдарынын 88 пайызы өлкөгө аткезчилик жол менен мыйзамсыз киргизилген. Андыктан, бул жааттагы көзөмөлдү күчөтүш керек. Бирок, мындан он жыл мурун эле алтын-күмүш буюмдарын өзүбүздүн ата мекендик өндүрүштөн чыккан материалдардан даярдоо керектигин зергердик ассоциациялар, ишкерлер көтөрүп чыккан. Тилекке каршы, Өкмөт тиешелүү иштерди аткарабыз дегени менен азыркыга чейин маанилүү кадам жасай элек", - деди.

ЖК басма сөз кызматы белгилегендей, буга себеп катары, аталган тармакты ооздуктаган кызыктар адамдар бар экенин айткан Төрага: "Өкмөт өкүлдөрү Кыргызстандын алтын-күмүш буюмдарын өндүрүүнү өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоорлорун сунушташ керек",- деген пикирин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий