• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Түркиядан 50дөн ашык сойку депортацияланды, арасында кыргыз кыздары бар

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.10.18. /Кабар/. Түркиянын Трабзон провинциясынын Ортохисар шаарчасында полиция сойкулар боюнча рейд уюштурду.

haberler.com сайты кабарлагандай, рейддин жүрүшүндө 10 мейманкана, кафе жана ресторандар текшерилген.

Иш-чаранын жүрүшүндө 63 сойку кармалган. Анын 19у азербайжандык, 14ү өзбекстандык, 10у россиялык, жетөө украиналык, алтоо грузиялык, бешөө кыргызстандык, экөө тажикстандык жана молдовалык.

Чет өлкөлүктөрдүн иши боюнча жана коомдук коопсуздук башкармалыгы аялдардын баарын депортациялоо чечимин чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий