• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүйдө мас абалында байтааныш адамга бычак сайып өлтүргөн шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. Чүй облусунда мас абалында байтааныш адамга бычак сайып өлтүрүп алган шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-ноябрь күнү Москва районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө аймактык ооруканадан телефон чалуу болгон. Анда эркек киши бычактан алган жаракатынан улам ооруканага жаткырылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде ыкчам тергөө тобу дароо көрсөтүлгөн дарекке чыгышкан.

Териштирүү учурунда ооруканага кайрылган 48 жаштагы А.А. аттуу эркек киши экендиги аныкталган. Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 138-беренеси (Ден соолукка оор зыян келтирүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Кылмышка шектүү катары Нарын облусунун 38 жаштагы Ж.Б. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя пикир келишпестиктен келип чыккан. Беловодск айылындагы көчөлөрдүн биринен шектүү жаран мас абалында жолдон өтүп бара жаткан эркек кишиден акча сурап, андан орой жооп алгандыктан ага бычак сайып, окуя болгон жерден качып кетүүгө үлгүргөн.

Алган жаракатынан улам 16-ноябрь күнү эсине келбей жабырлануучу аймактык ооруканын жандандыруу бөлүмүнөн каза болгон. Учурда зарыл болгон баардык экспертизалар дайындалган, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий