• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектин көчөлөрүнө 413 тонна туз себилди - мэрия

Коом 0

Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери борбор калаанын көчөлөрүн жана тротуарларын түн ортосунан тарта тазалоодо.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, борбордун көчөлөрүнө болжол менен 413 тонна техникалык туз себилди.

“Бүгүнкү күндө жол тейлөө бөлүмүнүн 25 кызматкери 38 бирдик атайын техниканы тартуу менен иш алып барышат: МАЗдын базасында 25 кар тазалоочу унаа, 4 универсалдуу УКМ унаасы, 5 “Беларусь” кичи трактору, 2 жүк ташуучу ЗИЛ-130 жана 2 фронталдык жүктөгүч ишке тартылды”, - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында штаттык режимде калааны тазалоо үчүн 662 короо шыпыргыч, 118 жүктөгүч, 28 көрктөндүрүүчү, жол тейлөө бөлүмүнүн кызматкерлери жана таштанды чыгаруу боюнча 100 адамдан турган бригада иштеп жатат.

“Жолдорду, тротуарларды кардан жана муздан тазалоого байланышкан маселелер боюнча калаанын кол-борборуна 1840 жана 1850 номерлери аркылуу баланышсаңыздар болот, ал эми сүрөт жана видеолорун 0554 182 185 номерине жибериңиздер”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий