• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өзгөндө 9 жашар кызды зордуктоо фактысы боюнча иликтөө иштери жүрүүдө – милиция

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.03.23. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районунда милиция 9 жашар кызды зордуктоо фактысы боюнча иликтөө иштерин жүрүгүзүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 14-мартында Өзгөн райондук милициясына аталган райондун тургуну арыз менен кайрылган. Арызында аял 9 жаштагы кызы зордукталгандыгын билдирген.

Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси боюнча катталып, жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Учурда кылмышты аныктоо жана кылмышка шектүүнү табуу боюнча ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий