• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарындагы мончолор текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 19.12.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы мончолор текшерилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейдге тийиштүү мекеме-ишканалардын адистеринен турган комиссия курамы тартылып, мончолордун өрт коопсуздугу, жылытууда тыюу салынган күйүүчү заттардын колдонулушу жана санитардык абалы текшерилди.

Кыдырууда талапка жооп бербеген мончолордун ээлерине эскертүүлөр берилип, жеринде акт түзүлдү.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын аймагында ондон ашуун мончо өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

Алдыда мончолордун ээлерине түшүндүрүү иштери улантылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий