• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүйдө "Атам, апам, мен – дени сак үй-бүлөбүз" аттуу таймаш болуп өттү

Аймак 0

Бишкек, 19.12.23. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка айылында облустук деңгээлде "Атам, апам, мен – дени сак үй бүлөбүз" аттуу спорттук таймаш болуп өттү.

Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, мелдешке Чүй, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл жана Панфилов райондорунан 7 команда катышты.

Сынактын жыйынтыгы менен командалар төмөнкүдөй байгелүү орундарга ээ болушту:

  • 1-орун - Сокулук району;
  • 2-орун - Москва району;
  • 3-орун - Аламүдүн району.

Жеңүүчүлөргө медаль, диплом, акчалай сыйлык жана белектер тапшырылды.

Таймаштын максаты - өсүп келе жаткан жаш балдардын спортко болгон сүйүүсүн арттыруу, ошондой эле жаш үй-бүлө институтун колдоо болуп саналат.

Белгилей кетсек, “Атам, апам, мен – спорттук үй-бүлөбүз” аттуу спорттук иш-чаранын жеңүүчүлөрүн сыйлоо үчүн Чүй облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгына Чүй облусунун башчысынын резервдик фондунан 45 миң сом которулган.

Пикир

Оставить комментарий