• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто жалпы республикалык ишембиликте 2500 куб таштанды чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 30.04.23./Кабар/. Ош шаарында жалпы республикалык ишембиликте 2500 куб таштанды чыгарылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Шаарда өткөн жалпы республикалык ишембиликте шаардагы муниципалдык мекеме-ишканалардын, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагынын, аймактык кеңештин кызматкерлери өздөрүнө бөлүнүп берилген аймактарды тазалашып бак-дарактарды акташты.

Ош шаары боюнча жалпы шаардык ишембиликке 16 миңден ашык адам катышты.

Пикир

Оставить комментарий