• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош: Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндө таза суу көйгөйү чечилет

Аймак 0

Бишкек, 12.06.23. /Кабар/. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндөгү суу көйгөйү чечилет. Маселе президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Уристем Манаповдун аталган өкмөттүн тургундары менен жолугушуусунда талкууланды, деп билдирди өкүлчүлүктөн.

Эскерте кетсек, бул маселе боюнча президенттин өкүлү Элчибек Жантаев Кара-Суу районунун жергиликтүү бийлик башчыларына таза суу маселеси алдын алынбаганын, көңүл кош мамиле болгонун айтып, тездик менен элге таза суу маселесин чечүү үчүн эки айлык мөөнөт берген.

Облус жетекчисинин тапшырмасына ылайык, ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Уристем Манапов таза суу боюнча жеринен барып маалымат алды.

Учурда үч скважина казылып, анын экөөсүнө суу берилип, аны тазалоо иштери жүрүп жатат. Суу түтүктөрү орнотула турган жер казылып, даярдалып бүттү. Ушул айдын аягына чейин таза суу маселеси толугу менен чечилет.

Суу түтүктөрүн тартуу, түтүктөрдү орнотуу жана тазалоо иштери аяктаганга чейин калкты убактылуу суу менен камсыз кылуу тапшырмасы берилди.

Айыл өкмөт башчысы Бахадыр Мамажанов бардык аракеттерди көрүп, жакынкы аралыкта көптөн бери көйгөй жаратып келген маселени чечип, айыл тургундарын таза суу менен толук камсыздай турганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий