• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында көмүрдүн тоннасын 5 миң сомдон сатуу уланууда

Аймак 0

Бишкек, 17.01.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында көмүрдүн тоннасын 5 миң сомдон сатуу уланууда. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.

Маалыматка ылайык, көмүрдү жарандар Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсү, 6 дарегинен ала алат. Суроо-талапка жараша көмүр үзгүлтүксүз негизде ташылып турат.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун элди арзан баадагы көмүр менен камсыздоо боюнча тапшырмасы менен Жалал-Абад шаарында көмүрдүн тоннасын 5 миң сомдон сата турган жай уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий