• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө туристтик милиция туристтердин жоголгон сумкасын таап берди

Аймак 0

Бишкек, 31.07.19. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда туристтик милиция Россиядан келген туристтерге жоголгон сумкасын табууга жардам берген. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 30-июль күнү Каракол шаарында милиция кызматкерлерине россиялык эки турист кайрылган. Александр Полукаров жана Андрей Чистых аттуу эки турист Жети-Өгүз районунун Көк-Жайык жайлоосуна барып, Караколго такси менен келишип, унаада сумкасын унутуп калышкандыгы аныкталган. Сумканын ичинде фотоаппарат болгон. .

Туристтик милиция кызматкерлери таксинин диспетчер кызматы аркылуу туристтерди кайсы айдоочу жеткиргендигин аныктап, аны таап, туристтерге калтырып кеткен сумкасын кайтарып беришкен.

“Туристтик милиция кызматы тез жардам кызматы сыяктуу чет элдик туристтерге башка өлкөнүн аймагында ар түрдүү көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий