• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында милиция кызматкерлери саптык кароодон өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 30.08.23. /Кабар/. Ош шаарында Эгемендүүлүк күнүнө карата шаардык, облустук ички иштер башкармалыктардын, ички аскерлердин жана "Шумкар" атайын багыттагы полкунун өздүк курамы саптык кароодон өткөрүлдү.

Маалыматка ылайык, иш-чарага ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетов, шаардык милициянын башчысы Марлис Асанов, облустук милициянын башчысы Жеӊишбек Жоробеков, вице-мэр Марс Исаев жана укук коргоо органдарынын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Урманбетов милиция кызматкерлери жоопкерчилик менен коомдук коопсуздукту сактоо боюнча жүктөлгөн тапшырмаларды талаптагыдай аткаруу керектигин белгиледи.

"Жарандарга сылык мамиле жасоо менен мыйзамдуулукту, кызматтык тартипти бекем сактоону эскертемин", - деди Урманбетов.

Майрамдык иш-чараларда коомдук коопсуздук тартипти сактоого облустук жана шаардык ички иштер башкармалыктардан жана башка укук коргоо органдарынан 2 миңден ашуун кызматкер тартылган.

Ошондой эле майрам күнү башка аймактардан да кошумча күч түзүмдөрү тартылып, коомдук коопсуздукту көзөмөлдөшөт.

Мурда кабарлаганыбыздай, 29-августан 2-сентябрга чейин ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшмөкчү .

Белгиленгендей, гарнизондук саптык кароо салтанаттуу жүрүш менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий