• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен шаарында аялдардын диний окуу борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Баткен шаарында "Ибадат эне" атындагы аялдардын диний окуу борбору ачылды. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов, дин кызматкерлери жана жергиликтүү жашоочулар катышты.

Ачылыш аземде облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров окуу борбор улуу максатта курулганын жана келечек муундардын тарбиялоочусу болгон улуу аялзатынын атына татыктуу болушу керектигин айтып, окуу борбор бийик маданиятты жана адамдык асыл сапаттарды үйрөткөн чоң мектепке айлансын деген тилектештигин билдирди.

Эскерте кетсек, "Ибадат эне" диний окуу борбору бир убакта 50дөн ашуун айым сабак алууга ылайыкташтырылган. Окуу курсу 2 айдан 2 жылга чейинки мөөнөт менен жүргүзүлүп, ийгиликтүү аяктагандарга атайын сертификаттар берилет.

Пикир

Оставить комментарий