• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Ош облусун кыдырууда

Аймак 0

Бишкек, 15.01.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Ош облусун кыдырууда.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 14-январда министр алгач ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын өздүк курамы менен жолугушуп, алардын иши жана жашоосу менен таанышты. Андан соң РӨКОнун карамагындагы ӨКМдин Бириккен кампасындагы буюмдардын корунун сакталуусун көрдү.

Министр КР ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын Окуу борборун көрүп чыгып, кемчиликтерин айтып, тез арада жоюу тапшырмасын койду. Андан кийин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын окуу-машыгуу талаасын көрүп чыкты.

Ошол эле күнү министр ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү Түштүк борборуна барып, техникалардын абалын жакындан көрдү.

Ажикеев ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын №109 Өрт өчүрүү-куткаруу бөлүгүнүн өздүк курамы менен жолугушту жана алардын техникаларынын абалына баа берди жана көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн тиешелүү башкармалыктардын жетекчилерине тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий