• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасы Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 15.01.21. /Кабар/. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетинин төрагасы - аткаруучу катчысы Сергей Лебедев Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президенти болуп шайлангандыгына байланыштуу куттуктады. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун шайлоо штабынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Сиздин мамлекет башчысы кызматындагы ишмердүүлүгүңүз Кыргызстандын мындан аркы өнүгүүсүнө, эл аралык аренада өзүнүн позициясын чыңдоого, ошондой эле КМШ өлкөлөрү менен салттуу коңшулук мамилелерди бекемдөөгө салым кошот деп терең ишенемин", - деп белгиленет Сергей Лебедевдин куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий