• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан жана Швейцария ТИМ башчылары кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 03.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Швейцариянын Тышкы иштер федералдык департаментинин башчысы Иньяцио Кассис менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуу күн мурун Үчүнчү Анталия дипломатиялык форумунун алкагында болуп өттү

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө делегация башчылары кыргыз-швейцариялык эки тараптуу, анын ичинде экономика жана инвестиция тармагындагы учурдагы эки тараптуу кызматташтыкты карап чыгышты.

Борбордук Азиядагы аймактык кызматташтык, Афганистандагы кырдаал, мөңгүлөрдүн эриши жана климаттын өзгөрүшү сыяктуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулду.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу форматта, анын ичинде БУУнун алкагында да байланыштарды активдештирүү боюнча ишти улантууну макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий