• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү боюнча үч айлык жарыяланды

Аймак 0

Бишкек, 03.03.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында 1-марттан 1-июнга чейин, шаарды көрктөндүрүү, санитардык абалын жакшыртуу максатында үч айлык жарыяланды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, үч ай ичинде шаар аймагындагы эс алуу бактары, аллеялар, турак-жайлардын айланасы, сел арыктар, тротуар жана темир-бетон арыктар тазаланып, шаардын көркүн бузган көрнөк-жарнактар, соода күркөлөрү алынып, көчөттөр тигилет.

Жалал-Абад шаардык мэриясы, мекеме-ишканалардын кызматкерлерин, шаар тургундарын ишембиликтерге активдүү катышууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий