• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР жана Түркия ТИМ башчылары Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстанга боло турчу сапарын талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 03.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын январь айында Министр Хакан Фидандын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын жана үстүбүздөгү жылдын февраль айында КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Түркияга болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Тараптар ошондой эле, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстанга алдыда боло турган сапарынын алкагында кыргыз-түрк мамилелеринин актуалдуу маселелери боюнча жана мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги Стратегиялык кызматташуу боюнча жогорку кеңештин кезектеги отурумунун мазмундуу негизин даярдоо тууралуу пикир алмашышты.

Жолугушуунун соңунда тараптар боордоштук жана стратегиялык өнөктөштүк духунда активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий