• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан Камбар-Ата ГЭСинин ТЭНин актуалдаштырууга Дүйнөлүк банктан $5 млн алат

Президент 0

Бишкек, 02.03.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров «2023-жылдын 14-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Камбар-Ата ГЭС-1 долбоору үчүн техникалык жардам) жана Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Макулдашуу катын (Гранттык макулдашуу) (Камбар-Ата ГЭС-1 долбоору үчүн техникалык жардам) ратификациялоо тууралуу» КР мыйзамына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мыйзам 2024-жылдын 14-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты 2023-жылдын 14-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун (Камбар-Ата ГЭС-1 долбоору үчүн техникалык жардам) жана Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Макулдашуу катынын (Гранттык макулдашуу) (Камбар-Ата ГЭС-1 долбоору үчүн техникалык жардам) күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Жогоруда аталган Каржылоо жөнүндө макулдашуу жана Гранттык макулдашуу менен Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин актуалдаштырууга жана бул долбоордун техникалык ишке ашырылышына баа берүүгө, анын экологиялык жана социалдык туруктуулугун жогорулатууга, ошондой эле анын финансылык жана коммерциялык базасын чыңдоого Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан Кыргыз Республикасына 3 млн АКШ доллары өлчөмүндө кредит жана 2 млн АКШ доллары өлчөмүндө гранттык каражат берүү каралган.

Пикир

Оставить комментарий